Оштогу мугалимдер өкмөттөн үй курууга жер бөлүп берүүнү суранышууда
Ош облусундагы мугалимдер өкмөттөн үй курууга жер бөлүп берүүнү суранышууда. Муну алар жакында парламент депутаты Айнуру Алтыбаева менен жолугушууда айтышканын 18-ноябрда ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Социалдык жактан колдоону сурангандар Нариман айылындагы №93, 80, 92-орто мектептердин, Кулбаев атындагы орто мектептин (№18), А.Сулайманов атындагы орто мектептин (№57) жана Ч.Айтматов атындагы орто мектептин (№69) окутуучулар жамааты. Депутат менен жолугушууда мугалимдер окуучулардын тамак-ашын жана окуу жабдыктарын жакшыртуу, окуу куралдарынын жетишсиздиги жана мугалимдердин айлык маянасынын аздыгын айтышкан. Алар 2015-жылга республикалык бюджеттен мектеп мугалимдердин маянасын көтөрүүгө каражат бөлүүнү суранышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

