Элчи Ибрагим Жунусов Түркия кызматташтык жана өнүгүү агенттигинин башчысы менен жолугушту
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов жакында Түркия кызматташтык жана өнүгүү агенттигинин (ТИКА) башчысы Сердар Чам менен жолугушту. Тышкы иштер министрлиги 18-ноябрда билдиргендей, жолугушууда агенттик башчысы элчи И.Жунусовду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. Тараптар Кыргызстанда аталган агенттиктик катышы менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен программалар тууралуу пикир алышты.
Айта кетсек, И.Жунусов быйыл 17-сентябрда Түркияга элчи болуп дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

