super.kg logo
  Саясат  

Каржы министринин орун басары 2013-жылы канча мектеп курулганын билбегени үчүн депутаттардан сын укту

 

Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинде өлкөнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө Каржы министрлигинин отчёту каралды. Жыйын жүрүшүндө комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевден өткөн жылы мамлекеттин эсебинен канча мектеп курулганын сурады. Бакетаев канча мектеп курулганын билбей турганын айткандан кийин Осмоналиев: “Сиз бюджеттин аткарылышы тууралуу отчёт берип жатасыз. Демек, отчёт берип жаткандан кийин жакшылап даярданып келиш керек. Кечигип келгениңиз аз келгенсип, канча мектеп курулганын билбейсиз”,- деп сындады.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: