super.kg logo
  Саясат  

Ошто жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштурууга жардам берүү борбору ачылат

 
Ош шаарында 19-ноябрда жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштурууга жардам берүү борбору ачылат. Муну бүгүн, 18-ноябрда Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кабарлады. Борбордун ачылышына аталган министрликтин жетекчиси Алиясбек Алымкулов, Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана башкалар катышат. Борборду ачуунун башкы максаты - сыртка чыкчу эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүү, юридикалык кеп-кеңештерди берүү. Миграцияга байланышкан маселелерди ыкчам чечүүгө көмөктөшө турганы айтылды. 
Маалыматка таянсак, мындай борбор Бишкекте 2012-жылы ачылган, Орусия, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея жана Түркия менен тыгыз кызматташууда. 2014-жылы борборго жардам сурап 7200 жаран кайрылган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: