Жылнаама, 19-ноябрь: Мындан 26 жыл мурун ырчы Омар туулган
* Мындан 61 жыл мурун, 1953-жылы спорт ишмери Каныбек Осмоналиев Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Бейшеке айылында туулган. 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII Жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык катары белгилүү. Совет учурунда ага “СССР спортунун эмгек сиңирген устаты” наамы берилген.
* Мындан 26 жыл мурун, 1988-жылы сахнага Омар деген ысым менен чыгып жүргөн ырчы, Юрмалада өткөн «Жаңы толкун» сынагында Алла Пугачёванын сыйлыгына татыган, «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2011-жылдын супер ырчы мырзасы» наамынын ээси Өмүрбек Жанышов Бишкек шаарында төрөлгөн. Алгачкы жолу чоң сахнага Омар аттуу ысым менен 2008-жылы Мирбек Атабековдун концертинде чыгып, кыргыз эстрадасында өзүнүн сапарын баштаган.
* Мындан 21 жыл мурун, 1993-жылы унутулгус комедиялык тасмаларды жараткан советтик режиссёр Леонид Гайдай 70 жашында оорудан улам каза болгон. 1955-жылдан тартып "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру болгон. 1956-жылы В.И.Невзоров менен бирге "Узак жол" деген биринчи фильмин жараткан. Алгач каармандары Балбес-Трус-Бывалый (Никулин-Вицин-Моргунов) менен иштеп, Шурик - Александр Демьяненко кошулган квартеттин катышуусунда "Ы" операциясы жана Шуриктин башка окуялары", "Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары" фильмдерин жараткан. Ушул эки фильм жана "Бриллиант кол" тасмасы үчүн (1968) 1970-жылы Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон. 1971-жылы "12 отургуч" кызыктуу кинотасмасын, 1973-жылы "Иван Васильевич кесибин өзгөртөт", 1975-жылы "Болушу мүмкүн эмес", 1980-жылдары "Спортлото - 82" сыяктуу комедиялардын алтын фондуна кирген өлбөс кинотасмаларын жараткан.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы


* Мындан 190 жыл мурун, 1824-жылы Нева дарыясындагы жана башка каналдардагы суу көтөрүлүп, Санкт-Петербург шаарын каптаган. Анын кесепетинен көптөгөн үйлөр кыйрап, 600гө жакын адам чөгүп өлгөн.
19-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.