super.kg logo
  Саясат  

Токтогул ГЭСинин жабдууларын алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

 

Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинде Кыргызстан менен Азия Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүнүн II фазасы долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, жактырылды. 

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевдин айтымында, долбоордун алкагында Токтогул ГЭСинин жабдууларын жаңыртуудан тышкары өлкөнүн энергетика тармагын андан ары өнүктүрүү жаатында бир катар документтердин долбоору иштелип чыгат. Бул фазада Токтогул ГЭСинин эки турбинасы алмаштырылып, алар 120 мегаватт кубаттуулукка чейин көбөйтүлөт. Долбоордун эки фазасынын жалпы каржысы 250 миллион долларды түзүп, анын 110 миллион доллары Азия Өнүктүрүү банкы тарабынан, 100 миллион доллары Евразия Өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнсө, калган 40 миллион доллары Кыргызстандын бюджетинен бөлүнөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: