super.kg logo

Бишкекте баңгизатты мыйзамсыз алып жүргөн 18 жаштагы жигит кармалды

 

Борбордо Свердлов районунун баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүзүүгө каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан баңгизат алып жүргөн жаран кармалды.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-ноябрда билдиргендей, баңгизатты алып жүргөн жаран Осмонкул-Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен текшерүүгө токтотулган. Текшерүүнүн жүрүшүндө анын чөнтөгүнөн 7,3 граммдай гашиш табылган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган жарандын аты С.Эрбол, ал 18 жашта экендиги аныкталган. Учурда ага карата 246-берене (мыйзамсыз баңгизатты сактоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: