Аламүдүн районунда мал уурулук фактысына шектелген жаран кармалды
Аламүдүн районунда мал уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Маевка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам короосундагы 68 баш коюн уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары туруктуу жашаган жери жок 29 жаштагы жаран кармалган. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.