super.kg logo

Бразилияда легендарлуу футболчу Пеленин уулу камакка алынды

 

Легендарлуу бразилиялык футболчу Пеленин уулу Эдсон Насименту (Эдиньо) камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалым болгондой, Эдсон Шолби Насиментуга маңзат сатуудан түшкөн акчанын изин жашырганы боюнча айып тагылып, анын буга чейин эркиндикте жүрүшү тууралуу чечим жокко чыгарылды.

Адвокаттар жогорку инстанциядагы сотко апелляциялык арыз бериши мүмкүн экендигин судья Сюзанна Перейра белгиледи. Анын айтуусунда, соттун жаңы чечими чыкканга чейин ал камакта отурат. 

Эске салсак, 2014-жылдын май айында Эдсон маңзат мафиясынан түшкөн акчанын изин жашырганы үчүн 33 жылга камалган. Эдсон апелляцияга арыз берип, бул арыз каралган учурда эркиндикте жүргөн болчу.

Ал эми анын атасы Пеленин маалымат кызматы анын уулунун камакка алынышы боюнча эч кандай комментарий бербестигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.11.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мына сага закон,биздей эмес мурунку мердин уулу адам сузуп бир эмес 2 адамды олтурсо да эркиндикте журот,онолбой калдык го бул кейпибизде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: