super.kg logo

Жылнаама, 20-ноябрь: Мындан 104 жыл мурун орус жазуучусу Лев Толстой 82 жашында каза болгон

 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы «Ата Журт» партиясынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков 20-ноябрда түштөн кийин 48 саатка УКМКнын тергөө абагына камалган. Ага 19-ноябрда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция), 304-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. 2014-жылдын 11-январында Ахматбек Келдибеков ден соолугуна байланыштуу №4-шаардык ооруканага которулуп, 13-январда тизесине оперция жасалган. Ушул эле жылы ал Германияга экинчи операцияга жеткирилген.  
* Мындан 10 жыл мурун, 2004-жылы Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев 72 жашында көз жумган. Ал Талас жергесиндеги Кулдан-Бел кыштоосунда 1932-жылы туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарында орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. 1956-жылы «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959-1973-ж.ж. Кыргызстандагы Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Шумкар» 1952-жылы жарык көргөн. 1991-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл акыны" деген ардактуу наам берилген. «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы I даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
Мындан 104 жыл мурун, 1910-жылы орус жазуучусу Лев Толстой 82 жашында каза болгон. Ал көптөгөн роман, икаяларды жазган орус калемгери. Толстой 1828-жылы Тула губерниясындагы Ясная Полянада дворяниндин үй-бүлөсүндө туулган. 1844-жылы келечекте дүйнөнү багындырган окумуштуу болуу максатында Казань университетине тапшырып, анда үч жыл окуп, профессорлордун билимине канааттанбай таштап салган. 1854-жылы аскер кызматындагы агасы менен Кавказга келип, согушка катышат. Батальондун командири катары көп эрдик жасайт. Кавказда жүргөндө "Бала чак" повестин жазып, “Современник” журналына Л.Н.Т. деген псевдоним менен жөнөтөт. 1857-жылы биринчи жолу Европага, Франция, Италия, Германия жана башка өлкөлөргө саякат жасайт. Мекенине кайтып, 1860-жылы София Александровага үйлөнүп, Ясная Полянада жашап калат. Ал жерде дыйкандардын балдары үчүн мектеп ачып, балдар үчүн азбуканы түзөт.
* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы кыргызстандык спортчу Евгений Ваккер Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында веложарыш боюнча күмүш медалга ээ болгон. 54 чакырымдык жарышта Евгений Азия оюндарынын чемпиону кореялык Чоу Хуёнгминди гана алдыга өткөрүп, калгандарын артка калтырган. 
20-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: