Бишкекте көк бөрү боюнча 3 команданын катышуусундагы өлкө биринчилиги башталды

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги “Аккула” ат майданында көк бөрү боюнча өлкө биринчилиги старт алды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул жылкы өлкө биринчилигине 3 гана команда катышат. Спорт ишмерлери билдиргендей, бул быйылкы сезондун татаал болгону менен байланыштуу. Анткени быйыл улакчылар мартта Нооруз майрамында атайын мелдешке, майда Жеңиш күнүнө арналган мелдешке, августта президенттин кубогуна арналган мелдешке, сентябрда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышты.
Кошумчалай кетсек, көк бөрү боюнча жылдын жыйынтыктоочу мелдеши жыл сайын кеч күздө уюшулуп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.