Бишкектеги мектеп-гимназиялардын биринде иштеген мугалимдин үйүнөн экстремисттик маанайдагы материалдар алынды
Бишкектеги мектеп-гимназиялардын биринде иштеген мугалимдин үйүнөн экстремисттик маанайдагы материалдар алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, күч органдары тарабынан 1988-жылы туулган Ж.А. аттуу айымдын үйү тинтүүгө алынган. Анын натыйжасында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна таандык китептер, баракчалар, дисктер табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө анын аталган уюмдун аялдар канатынан башчысы экени аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.