Чүй облусунда Жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн кызматкери чоң өлчөмдөгү пара менен кармалды

Чүй облусунда Жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн (ЗАГС) кызматкери чоң өлчөмдөгү пара менен кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызматкер Ливиянын жаранына Кыргызстандын аймагында туруктуу жашаганга уруксат берүүчү документ жасап берген. Бул үчүн ал чет элдик жарандан 3000 доллар алган. Кийин текшерүүнүн жүрүшүндө документтин жасалма экендиги аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.