super.kg logo

Изделип жаткан Канжар Кадыралиевдин кайда экени белгисиз болууда

 

Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиев кармала элек. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 18-ноябрь күнү Ош шаардык соту тергөөгө келбегендигине байланыштуу К.Кадыралиевди камакка алуу чечимин чыгарган. Ошол эле күнү соттун бул токтомунун негизинде ага издөө жарыяланган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, К.Кадыралиев Өзгөн районундагы жана Ош шаарындагы туруктуу жашаган жерине 17-ноябрдан бери келе элек. Учурда анын кайда экени белгисиз болууда.

Буга чейин Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеп турган кызматынан бошоткон эле.

Айта кетсек, Канжар Кадыралиевден жапа тартканын айтышкан Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Канжар Кадыралиевдин ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтышкан эле. Ошондой эле ишкер менен Канжар Кадыралиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү интернетке тараган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
20.11.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башында эле пландалган болушу керек,арыздангандар тосмо кат жазып беришиптирго ошол чын экенби супер инфо маалымат берип койосторбу.
20.11.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
uran001, саламатсызбы!
Ал тууралуу маалымат берүүгө аракет кылабыз.
20.11.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Karmay albaysynar. Kormokson bolup jursonor kantip karmayt elener?. Kalp ele izdebegilechi...
20.11.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кадыралиева эжебизден сураш керек. иниси таптаза болсо неге качмак эое.
20.11.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Канжар бандит кылмышкерди кандай Кыргызстандан таппай журушот куч органдары.Баардыгынын созу ойлору бир да сен мага тийбе мен сага тийбейин деп.Канжарды Кара кулжадан кийик атып жургон жеринен суйротуп алып келиш керек да.
20.11.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Карга карганын козун чокубайт. Ошол издеп жургон куч органдар оздору кенеш берсе керек бияка же тиги Жака кач деп эээ Кыргыздар биз онолбой калдыкко ай ким билет.
20.11.2014. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Канжар дубайда журот каякта издеп калбай ?билип эле турушат куч органдары!таап келсем эртен карындашы жумушуман алдырып коёт деп журосунорда коркуп,анын устуно озуда прократурада иштесе деп!
20.11.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эжеси жаман суйлоду элего Канжар айыбы болсо соттогула деп эми кана.
20.11.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аныда сыртынан соотоп коюшатко эми
20.11.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ото эле шумдук....
20.11.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми уяты болсо Ыргал эже мандатын тапшырышы керек!Иниси элди ыйлатып качып журсо,Ы.Кадыралиеванын элдин мудоосун коргоп парламентте олтуруга моралдык укугу жок .
20.11.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таппасан сыйпалап кал болуптур да
20.11.2014. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыркы бийлик турганда онолбойбузго...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: