Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды
Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жогорку окуу жайлардын биринин окутуучусу окуусун кайра калыбына келтириш үчүн студенттен 25 миң сом талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, мугалим пара алып жаткан жеринен кызматтык бөлмөсүндө кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.