super.kg logo

Бишкекте милиция кызматкеринин өлүмүнө шектүү жаран өз жанын кыйды

 

Милиция кызматкери Айдаркул уулу Сардарбектин өлүмүнө шектүү жаран өз жанын кыйды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 27-январда болжол менен саат 08:00дө Бишкекте “Сорока” көлүнүн жээгинде асылган кишинин жансыз денеси табылган. Биринчи Май ИИБинин кызматкерлери өлгөн жарандын кийиминин чөнтөгүнөн каза болгон милиция кызматкерине тиешелүү чөнтөк телефонун табышкан. Ошондой эле өз өмүрүнө кол салган шектүү Сардарбек Айдаркул уулуна тиешелүү бушлатты кийип жүргөн. Асынып алган шектүү жаран 35 жаштагы Ноокат районунун тургуну экендиги белгилүү болду. Эске сала кетсек, 23-январда Бишкек-Ош унаа жолунун Жайыл районунун аймагынан ИИМдин коргоо бөлүгүндө кызмат өтөгөн 1985-жылы туулган Сардарбек Айдаркул уулунун 11 жолу бычак менен сайылган жансыз денеси табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.02.2013. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
это похожи на поставу!! убивший человек не может носить куртку убитого и про телефона тоже!
01.02.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ишти атайлап жасап жатат, бул ишке менттердин тийиши бар. Ойлоду ушул жол менен бул адамды куноолуу кылып ишти жаап коебуз деп. менттердин оюунунан 2 адам жертва болду...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: