super.kg logo

Жылнаама, 23-ноябрь: Мындан 8 жыл мурун орусиялык тыңчы Александр Литвиненко уулантылып өлтүрүлгөн

 
* Мындан 115 жыл мурун, 1899-жылы СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскулов Жумгал районундагы Кайырма кыштагында туулган. Ал 1974-жылы 1-февралда дүйнөдөн кайткан. Актёрдун чыгармачылыгынын алгачкы мезгилдеринде эле анын театр искусствосуна болгон жөндөмдүүлүгү даана көрүнө баштайт. Бара-бара ал кайсы гана ролдо болбосун, табигый таланты менен бирге сахналык маданиятты өрчүтүп, чеберчилигин арттырууга жетишкен. Ошондой эле бир катар монументтүү драмалык (У.Шекспирдин "Отеллосунан" Отеллонун, "Король Лиринен" падыша Лирдин, М.Горькийдин "Егор Булычев жана башкаларындагы" Егор Булычевдин, Б.Жакиевдин "Атанын тагдырынан" Акылбектин) образдарын түзгөн. Муратбек Рыскулов тууралуу "Муке" аттуу фильм да тартылган. Ысымы Бишкек шаарындагы көчөгө жана Нарын облустук музыкалуу драма театрына берилген.
* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы Орусия бийлигин сындагандыгы үчүн куугунтукка алынып, Британиядан саясий баш паанек тапкан Орусиянын коопсуздук кызматынын подполковниги Александр Литвиненко уулантылып, Лондон шаарындагы ооруканада каза болгон. Литвиненко полоний салынган чай ичкенден 3 жума өткөндөн кийин өлгөн. Ал чайды маркум Лондон мейманканаларынын биринде Луговой менен жолугушууда ичкен. Кылмышка шектүү деп ФСБнын мурдагы агенти Андрей Луговой аталган. Бирок Орусия аны Британияга өткөрүп берүүдөн баш тарткан. 
* Мындан 22 жыл мурун, 1992-жылы америкалык актриса, сахнада Ханна Монтана деген лакап аты менен таанымал ырчы Майли Сайрус Теннесси штатынын Нашвилл шаарында төрөлгөн.
23-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: