super.kg logo

Жылнаама, 24-ноябрь: Мындан 73 жыл мурун советтик жана орусиялык телеалпаруучу Александр Масляков төрөлгөн

 

* Мындан 126 жыл мурун, 1888-жылы америкалык педагог, психолог, жазуучу Дейл Карнеги туулган. Жаштарды коммуникативдик жактан даярдоонун маанилүүлүгүн Америкада мамлекеттик деңгээлге алып чыккан Дейл Карнеги адамдардын карым-катнашы жана оратордук искусство боюнча институтту негиздеген. Карнегинин айтуусу боюнча, коммуникабелдүүлүк ага адам катары калыптануусуна, турмуштан өз ордун табууга жардам берген. Анткени ал карым-катнаш жасай билүүнүн ыкмаларына ээ болуу менен өз күчүнө карата ишенбөөчүлүктү жеңе алган. Адамдар менен байланыш жасоонун ыкмаларына, өз көз карашына тура билүү менен аларга жетекчилик кыла алууга жетишкен. Дейл Карнеги тарабынан жазылган китеп анын мекенинде гана эмес, дүйнө жүзүнө таанымал. Психологдор эсептегендей, "Карнегинин жолу боюнча" өз турмуш жолдорун кура билген адамдар азыркы учурда Толстой же Руссону туураганга аракет кылгандарга караганда бир кыйла жыш кездешет. Себеби коммуникативдик маданият адамдарга эл алдында сүйлөгөндө толкундоолордон арылууга, өзүнүн оюнун тууралыгын далилдей алуу менен кайсы гана чөйрөдө болбосун ишенимдүү, эркин, өз алдынча далилдүү сүйлөй билүүгө жардам берет.

Мындан 73 жыл мурун, тактап айтканда, 1941-жылы советтик жана орусиялык телеалпаруучу Александр Масляков төрөлгөн. Александр Васильевич Масляков - советтик жана орусиялык телеалпаруучу, Орусиянын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, Орусия телевидение академиясынын академиги, ошондой эле көпчүлүк сүйүп көргөн белгилүү КВН телеберүүсүнүн туруктуу алып баруучусу, жетекчиси жана режиссёру.
1963-жылы, мындан 51 жыл мурун Жон Кеннединин өлүмүнө шектүү делинген Ли Харви Освальд атылып өлтүрүлгөн. АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди 1963-жылы 22-ноябрда киши колдуу болуп каза тапкан. Бул кылмышка тийиштиги бар делинип Ли Харви Освальд аттуу адам Далласта камакка алынган. Бирок ал бул кылмышты моюнуна алган эмес. Камакка алынгандан эки күн өтпөй Освальддын өзү да түз сыналгы берүүсү учурунда атылып өлтүрүлгөн.  
* Мындан 32 жыл мурун, 1982-жылы "СССР мамлекеттик чек арасы туурасында" мыйзам кабыл алынган. Мыйзамда каралгандай, мамлекеттик чек ара Советтер Союзунун тышкы чеги аркылуу белгиленип, аны өзгөртүү маселеси Жогорку Совет, Жогорку Советтин Президиуму жана Советтер Союзунун эл аралык келишимине ылайык жүргүзүлгөн. Аталган мыйзамда Кыргыз ССРинин чек арасы СССРдин тышкы мамлекеттик чеги катары белгиленген.
24-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.11.2014. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Масляков 50го эми чыккандай корунот ***
24.11.2014. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулку омурду узартат деген чын нерсе экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: