super.kg logo

Аба ырайы, 24-ноябрь: Өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр, кар жаайт

 

24-ноябрда айрым жерлерде жаан, кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -5°C

Талас облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -6°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +7°C, түнкүсүн +3°C

Баткен облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн +4°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн +3°C

Нарын облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -9°C

Бишкек шаары. Күндүз +4°C, түнкүсүн -3°C

Эскертүү!

22-25-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Каракол - Эңилчек унаа жолдорунда кар көчкү коркунчу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Мындай аба ырайы кыштоолордо малды кармоо, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: