Жылнаама, 25-ноябрь: Мындан 347 жыл мурун Азербайжандын Шемаха шаарында болгон зилзаладан 80 миңдей киши каза болгон

25-ноябрь - Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күндү дүйнөнүн активист айымдары 1981-жылдан баштап белгилеп келишет. 1999-жылы 17-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы 25-ноябрь - Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү деп жарыялаган. Бириккен Улуттар Уюму дүйнөдөгү бардык бейөкмөт уюмдар менен эл аралык уюмдарды бул күнү иш-чараларды өткөрүп, аталган көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн бурууга чакырган.

* Мындан 347 жыл мурун, 1667-жылы Азербайжандын Шемаха шаарында күчү 6-9 баллга жеткен жер титирөө болуп, зилзаладан 80 миңдей киши каза болгон.
* Мындан 96 жыл мурун, 1918-жылы венгриялык пацифист Розике Швиммер дүйнө тарыхында эң биринчи элчи айым болгон. Ал Швейцариядагы Венгриянын дипломатиялык миссиясын башкарган.
25-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.