super.kg logo

"Өкмөт башка чапса чапсын. Мен бардык сыйлыктарды алып алгам" дейт Кыргыз Эл акыны Майрамкан Абылкасымова

 

"Бүгүнкү күндө Аалыкелер жетишпей жатат, жаштар китеп окубай калышты. Жазуучулар союзу карызга батып бүттү. Өкмөт эч кандай көңүл бурбай калды". Бул туурасында бүгүн, 24-ноябрда Аалы Токомбаевдин 110 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада КРнын Эл акыны Майрамкан Абылкасымова билдирди.

“Өкмөт башка чапса чапсын. Мен бардык сыйлыктарды алып алгам. Китептеримди чыгарбаса койсун, мен ырларымды дептерге жазып коём”,- деди М.Абылкасымова.

Акындын айтымына караганда, азыркы жаштар адабий китептерди окууга кызыгышпайт. Буга мугалимдер мурдагыдай акындарды мектептерге чакырбай, алар менен баарлашпай калганын мисал катары келтирди.

“Мен Аалы Токомбаевдин окуучусумун. Аны менен 8-класстан бери таанышмын. Алгачкы жолу мен анын үйүнө ырларымды жазган дептеримди көтөрүп алып текшерткенге барганым эсимде. Короосуна кирип барсам роза гүлдөрүн сугарып жатыптыр, мени көрүп "Сен кимсиң?" деди, мен болсо тайманбастан “акынмын...” дедим. Ошентип, Аалы Токомбаев менен таанышкам. Кийин аны менен бирге көпкө иштедик”,- дейт акын.

Өз сөзүн “учурда жазуучулардын эң улуусу менмин, ошон үчүн көп сүйлөп жатам” деп тамаша кеби менен жыйынтыктады.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: