super.kg logo

Аба ырайы, 26-ноябрь: Нарын жана Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт

 
26-ноябрда түнкүсүн Нарын жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында айрым жерлерде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 17-22 метрге чейин жетет.

Эскертүү!

2014-жылдын 25-ноябрынан 28-ноябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары), Бишкек-Талас (198-210-чакырымдары, Өтмөк ашуусу), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары), унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү пайда болот. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Чүй облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -11°C

Талас облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -13°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -5°C, түнкүсүн +1°C

Баткен облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -7°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -10°C

Нарын облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -11°C

Бишкек шаары. Күндүз -3°C, түнкүсүн -8°C


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: