super.kg logo

Б.Кыдыкеева атындагы Жаштар театры 68 жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөй, уроо алдында турат

 

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Б.Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында болуп, эмгек жамааты менен жолукту. Бул тууралуу 26-ноябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Анда аталган маданий жайдын 68 жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөндүгү белгилүү болду. Мындан улам имарат уроо коркунучунда турат: полу чириген, шыбы тешилген. Артисттер үчүн эч кандай шарттар каралган эмес. 

Маалым болгондой, имарат Улуттук маданий борбордун балансында тургандыктан, аны оңдоп-түзөөгө театр жетекчилигинин, эмгек жамааттын эч кандай акысы жок. Артисттер маселе өкмөттүк деңгээлде чечилиши керектигин белгилешип, имаратты театрдын карамагына өткөрүп берүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. 

Министр шарттын начардыгына, айлыктын аздыгына карабай, элге рухий азык тартуулап, чыгармачылыкка башын сайып иштеп, үмүт менен келе жаткан өнөрпоздорго ыраазычылыгын билдирип, кыйынчылыктардан чыгуунун жолдорун талкуулады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: