super.kg logo

Баткенде кол салуудан улам оор абалда ооруканага келип түшкөн ишкердин аялы каза тапты

 

Баткенде кол салуудан улам оор абалда ооруканага келип түшкөн ишкердин аялы каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Баткен облустук аймактык ооруканасынын жетекчиси Тургунбай Айжигитов билдирди.

Анын айтымында, 16-ноябрь күнү эртең менен 61 жаштагы Адыкутус Шүкүров жана анын 56 жаштагы аялы Асылкан Шүкүрова оор абалда ооруканага келип түшкөн. Аларды кароо учурунда бычактан жараат алганы аныкталган. Учурда Асылкан Шүкүрова жараатынан улам каза тапты. Ал бир нече жеринен учтуу нерседен жаракат алган жана моюнуна бычак сайылган. Ал эми Адыкутус Шүкүровду Бишкек шаарына алып кетишкен.

Айта кетсек, кол салуу 16-ноябрь күнү болгон. Анда белгисиз адамдар ишкердин үйүнө киришип, аны жана аялын бир канча жолу бычак менен сайышкан. Анын кесепетинен алар оор абалда ооруканага жеткирилишкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышкерлер ишкерден акча талап кылышкан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.11.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактасын адам не болуп кетип атабыз айбандан айырмабыз калбады, аялын жаткан жери жайлуу болсун озун кудайым шыпаа берсин.
27.11.2014. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялынын абалы жакшы палатага чыгардык дешти элего
bema_bema түзөттү 27.11.2014 02:22
27.11.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
артындагы балдарына жаман болбодубу бейишке чыгышсын, тез арада кармашпайбы мыкаачыларды
27.11.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне деген шумдук болуп жатат...Аялынын абалы жолдошуна караганда жакшы дешти элего..Балдарына сабыр берсин кудайым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: