super.kg logo

Жылнаама, 27-ноябрь: Мындан 8 жыл мурун Баткендеги шахталардын биринен газга ууланган 5 кишинин сөөгү табылган

 
* Мындан 54 жыл мурун, 1960-жылы Украинанын 14-премьер-министри Юлия Тимошенко туулган. Улуту - латыш. 1984-жылы Днепропетровск университетинин экономика факультетин артыкчылык менен аяктап, экономист-кибернетик адистигин алган. Экономика илимдеринин кандидаты, 50дөн ашык илимий эмгектердин автору. 1988-жылы жолдошу экөө бизнеске баш уруп, видеосалондордун түйүнүн ачышкан. 1991-жылы "Украинский бензин" корпорациясынын гендиректору болот. Кийинчерээк миллиондогон акчаларды айланткан бизнес-леди саясий жана финансылык кыйынчылыктарга туш болот, ушундан улам чоң саясатка аралаша баштаган. Саясий рейтинги менен бирге эле кийген кийими, косметикасы да коомчулуктун көңүл борборунда болгон Тимошенко "Леди Ю", "миллиард долларлык аял" жана "газ ханышасы" деп атыккан.
* Мындан 59 жыл мурун, 1955-жылы КРнын Эмгек сиңирген дарыгери, Саламаттыкты сактоонун отличниги, медицина илимдеринин доктору, профессор, кардиохирург-аритмолог Калдарбек Абдраманов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун 1982-жылы аяктаган. 1993-жылы аспирантураны, 1996-жылы Москвадагы А.Н.Бакулев атындагы жүрөк-кан тамыр институтунан докторантураны бүтүргөн. 
* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы Баткен облусундагы Сүлүктүдө жайгашкан шахталардын биринде газга ууланган 5 кишинин сөөгү табылган.
27-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: