super.kg logo

Бишкекте "Герой моей девушки" тасмасынын бет ачары өтүүдө

 
"Герой моей девушки" тасмасы биринчи жолу тар чөйрөдө жабык эшик артында көрсөтүлдү.
Иш-чарага келген коноктор кызыл килемден өтүп, сүрөткө түшүп жатышты.
Тасманын башкы каармандары Пухлик деген каймана аттуу жигит жана Тилек жөнөкөй кийинип келишип, ар бир көрүүчү менен жакшы сүйлөшүп жатышты.
Тасманын продюсери Эрмек Нурбаев фильмдин чет өлкөлөрдө көрсөтүлүшү үчүн картина орус тилинде тартылганын билдирди.
Фильмдин алгачкы эпизоддорунан куудул Жаныбек Алыкуловду да көрүүгө болот.
"Таластык болгондуктан, мактангым келет, бирок эч нерсем жок" деген Тилек официанттын образында...
Тилек: "Менин да сүйүктүүм болгон, бирок алардын бири эркек мүнөз болчу..."
Тилек: "Бир кыз менен таанышып, анын тоюна катышкам, бирок күйөө жолдош катары..."
Тилек: "Байлыкка жетүү үчүн университеттеги эң сулуу кыз менен достошо баштадым".
Тилектин ботаник болгондогу образы...
Тилек жактырган кызы Каныкейдин келечегин көрүп жаткан кез...
Башкы каарман "сүйүү" үчүн селсаяктын кийимин кийгенде...
Тасмада романтикалуу учурлар көп кездешти.
Сүйүшкөндөрдү ажыратуу планын түзүп жаткан "банда"
Агент 007нин образындагы башкы каарман...
Пухликтин жиберген каттары бирин-бири сүйгөн жаштарга тоскоолдук жарата алган жок.
Агенттердин планы ишке ашпай калган кез...
Агенттердин сүйүшкөндөрдү ажыратууга болгон кийинки аракети же план "Б"
Аңдыган агенттер "Сүйүшкөндөрдү уруштуруу" операциясынан кийин...
Тасмадагы чоң бурулуш жасаган окуядан үзүндү...
Тилектин "Сүйүшкөндөрдү ажыратуу" операциясынан кийин Каныкейдин абалы...
Тилектин алгачкы кыялдарынын бири орундалган кез...
Happy and!!!
Көрүүчүлөр бир сааттан ашык убакытта жагымдуу маанайга ээ болушту.
Тасманын соңунда ар бир көрүүчүнүн, тасма жаратуучуларынын жүзүнөн жылмаюуну көрө алдык.
Казакстандык актриса Алия Телебарисова Бишкек ага жакын шаар экенин айтып, тартуу тобунун артыкчылыктарына токтолду.
Тасманы көрүү үчүн кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү, анын ичинде ырчылар Мирбек Атабеков, Омар, Самат Дөөлөтбаков, Зарина Хасанова, Гүлнур Сатылганова жана башкалар келишти.
Тасманын экинчи режиссёру Чолпон Бөрүбаева башкы каармандардын бири Тилек менен Пухлик бар жердеги тартуу учурлары кызыктуу окуяларга бай болгонун айтып өттү. Ошондой эле фильмдин режиссёру Руслан Акун менен буга чейинки тасмаларды тартып, чогуу иш алып барышканын кошумчалады.
Тамакты жегенди, жасаганды ашкере жакшы көргөн, Тилектин жакын досу Пухлик тасмага биринчи жолу тартылганын кошумчалап өттү.
Фильмди тартуу идеясы аталган тасманын продюсери, "Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев менен режиссёр Руслан Акунга таандык. Биринчи режиссёр АКШда билим алып жаткандыгына байланыштуу фильмдин ачылышына келе алган жок.
Башкы каармандар адаттагыдай селфи сүрөткө түшүштү.

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Герой моей девушки" тасмасынын бет ачары өтүүдө. "Салам, Нью-Йорк!" фильминин жаратуучулары тарабынан тартылган комедияны көрүү үчүн кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү келишти.

Башкы каармандардын образын "тамашоучу" Жеңиш Майрамбек уулу жана казакстандык актриса Алия Телебарисова аткарган. 
Тасмада архитектура бөлүмүндө окуган студенттин бардар жашоого умтулуусу чагылдырылган. Баш калаада үй, машина, ийгиликтүү жумушка жетиш үчүн оңой жолду тандаган Тилек чогуу окуган байдын кызы менен достошо баштайт. Окуу жайдагы эң сулуу кыз менен достошуп, анын сүйүктүүсүнө айланууну максат кылган башкы каарман боёнуп, сырдашып, кадимки кыздар жасаган иштерди жасайт. 
Бул арада кыздын жүрөгүн багындырган ары сырдуу, ары күчтүү, аракетчил жигит пайда болот. Тилек дос кызы менен сырдуу жигиттин мамиле түзүүсүнө жол бербештин айласын издей баштайт...
Бир эле тасмада көрүүчүлөр Жеңиш Майрамбек уулун төлгөчү, күйөө жолдош, селсаяк, саясатчы, кошоматчы курбу, ботаниктин образында көрө алышат. 
Фильмдин режиссёрлору - Руслан Акун жана Чолпон Бөрүбаева. Тасманы тартуу идеясы "Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев менен режиссёр Руслан Акунга таандык. Сюжетин Жеңиш Майрамбек уулу менен Бакыт Осмонканов иштеп чыкса, Сергей Кролевич киного ылайыкташтырган.





“Герой моей девушки” тасмасы жарыкка чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(16)
27.11.2014. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино өңдөнөт жакты
SUPER.KG видео
27.11.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Klassno !!!!!!
SUPER.KG видео
27.11.2014. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино эле коп
SUPER.KG видео
27.11.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алия мени околдаваллииии!
Сулуу кыз экен эээ???
SUPER.KG видео
28.11.2014. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hehehe
SUPER.KG видео
28.11.2014. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен барса болчудай
SUPER.KG видео
28.11.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ырчылар ар бир топ болуп болунушуп алып кино тартканды оюнчуктай эле коруп алыштыго.
Ушуга караганда благотворительный концерттерди берип,
тушкон каражаттын хотябы 50 пайызын жардам ирээтинде
балдар уйуно же карылар уйуно жумшасанар мин ирээт бата алмаксынар....
Ырсылар ушундай жол м.н жонокой элге чон улгу болмок деген оюм бар...
SUPER.KG видео
28.11.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алия кыргызстанда оскон. Жакында эле казахстанга кетишкен. Атасы же апасы кыргыз.
SUPER.KG видео
28.11.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janybek Alykulov katyshkanby?
SUPER.KG видео
28.11.2014. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаныбек Алыкуловдун бул кинодогу образы омурунун акыркы кадрлары болуп калды окшойт.(((
SUPER.KG видео
29.11.2014. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
трейлер жакшы экен,бирок кино озу жакпады
SUPER.KG видео
02.12.2014. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жакшы кино болуптур
03.12.2014. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада жактыго чынында жакшы тартылган сыяктуу.Азаматсыздар кыргыз кинолорун дуйнолук аренага алып чыгыныздар.Биз буйруса кино зал болумунон кутуп калабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: