Чүй облусунда адам өмүрүнө кол салуу фактысына шектелип 26 жаштагы жаран кармалды
Чүй облусунда адам өмүрүнө кол салуу фактысына шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Петровка айылынын тургуну денесинен оор жараат алып, ооруканага келип түшкөн. Анын кимдир бирөө тарабынан катуу сабалганы аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү кармалган. Учурда “адам өмүрүнө кол салуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.