Жылнаама, 30-ноябрь: Мындан 60 жыл мурун ырчы, обончу Алтымыш Кадыров туулган

* Мындан 60 жыл мурун, 1954-жылы ырчы, обончу Алтымыш Кадыров Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Орто-Мечит айылында төрөлгөн. 1980-жылдары “Сага”, “Балалык”, “Ак-Буура”, “Сени менен өмүр бир өтсүн” деген ырлары популярдуу болгон.
* Мындан 70 жыл мурун, 1944-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда согуштан жаракат алган жоокерлерге биринчи жардам көрсөтүүгө арналган илимий-практикалык конференция ишин баштаган. Конференцияда кыргызстандык хирургдардын Улуу Ата Мекендик согушта жарадар болгон жоокерлердин өмүрүн сактап калуу тажрыйбалары көрсөтүлүп, аларды практика жүзүндө колдонуу шарты талкууланган.

* Мындан 238 жыл мурун, 1731-жылы Пекинде катуу жер титирөө болуп, 100 миңдей киши каза болгон.
* Мындан 405 жыл мурун, 1609-жылы Айдын үстүнкү катмарынын биринчи картасын окумуштуу Галилео Галилей түзүп чыккан.
* Мындан 7 жыл мурун, 2007-жылы Түркиянын Ыспарта шаарынын аэропортуна конууга даярданып жаткан MD-83 учагы тоого урунуп, талкаланып калган. Учактагы 57 кишинин баары көз жумган.
30-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.