super.kg logo

Жалал-Абад: Ооруканада асынып алган бейтаптын өлүмү боюнча иликтөө жүрүүдө

 

Жалал-Абад облусундагы Кургак учукка каршы күрөшүү борборунда дарыланып жаткан бейтаптын өз жанын кыйганы боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 28-ноябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, өз өмүрүнө кол салган жаран 1990-жылы туулган. Маркумдун денесин кароо учурунда эч кандай шектүү белгилер табылган эмес. Учурда атайын экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Айта кетсек, буга чейин Жалал-Абаддагы ооруканада 24 жаштагы жарандын асынып алганын жазган элек.

Ал эми SUPER.KG порталынын колдонуучусу маркумдун өлүмү киши колдуу болушу мүмкүн экенин жазган. Ошондой эле анын артында мончоктой эки уулу, өмүрлүк жары калганын айткан.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: