super.kg logo

Өткөн суткада өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, Бишкекте турак үйдүн чатыры жана унаа күйүп кетти

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 27-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектеги Новгородская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 40 чарчы метр жайкы үйдүн чатыры жана Тойота-Ипсум үлгүсүндөгү унаанын оң капталы күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Ошондой эле Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен 10 чарчы метр жыгач устундуу, шифер менен жабылган сарайдын чатыры, 200 боо чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: