"Ата журтчу" депутаттардын сотунда депутат Феликс Куловду сотко чакырып, суракка алуу сунушу айтылды
Бүгүн, 1-февралда "Ата Журт" партиясынын 3 депутатына карата козголгон кылмыш иши боюнча өткөн кезектеги сот ишинде Талант Мамытовдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов депутат Феликс Куловду суракка алууну соттон өтүндү. Анын айтымында, Феликс Кулов Ак үйдү коргоого алынган мекемелердин катарына киргизүү боюнча мыйзам сунуштап жатат. 3-октябрга чейин Ак үй коргоого алынган мекемелердин катарында болгон эмес. “Күбө катарында Феликс Куловду суракка алууну өтүнөм, 3-октябрда Ак үй коргоого алынган мекеме болбогондуктан, мыйзам бузуу болгон эмес”,- деди жактоочу. Сот Адылбек Субанкулов бул өтүнүчтү канааттандырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

