super.kg logo

№37-түзөтүү абагынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

 

№37-түзөтүү абагынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган түзөтүү абагынын кызматкерлери жалган маалыматтардын негизинде 1982-жылы туулган Т.У. аттуу жаранды мыйзамсыз бошотуп жиберишкен. Абактан чыккан соң ал адам Өзгөн районунда бир аялды сабап салган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган. Бирок шектүү бул учурда жатак-абагында болушу керек эле. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ал эми кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: