Каракол шаарында жергиликтүү тургун баңгизат менен кармалды

Каракол шаарында жергиликтүү тургун баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган жарандын унаасы күч органдары тарабынан токтотулган. Аны текшерүү учурунда кийип жүргөн күрмөсүнөн 45 грамм баңгизат табылган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.