Ысык-Көл облусунда жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, эки адам каза тапты
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 29-ноябрда саат 17:00 чамасында Балыкчы-Каракол жолунун 15-чакырымында болгон. Анда Тойота Аллион үлгүсүндөгү унаа менен МАН үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, кыпчылып каза болгон адамдарды унаадан чыгарып туугандарына, жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.