"Мамлекеттин 27 миллион сомун жеди" деп айыпталган Мелис Мырзакматов сентябрь айында эле өлкөдөн чыгып кеткен

"Мамлекеттин 27 миллион сомун жеди" деп айыпталып, издөөдө жүргөн Мелис Мырзакматов 27-сентябрь күнү кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” көзөмөл өткөрүү жайынан өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда күч органдарынан билдиришти.
Айта кетсек, Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп турганда "кызматтык абалынан пайдаланып “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын жергиликтүү коомчулуктун уставы” мыйзамдарын бузуп, эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси жок аталган көпүрөнү каржылоого жана курууга Оштун жетекчилерине мыйзамсыз буйрук берген" деп айыпталууда. Мунун кесепетинен мамлекетке 27 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Ал эми 2014-жылдын 27-ноябрында М.Мырзакматовго “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган болчу.

Сабатсыздыгынды жоюп алып, анан бироону сынасан боло айланайын. Жазгандынды карачы. Каталары тим эле ажайып болуп корунуп калыптыр...
Кылган ишине жесе болот, бийликтегилер кылбаган ишине жеп жатпайбы!