super.kg logo

Бишкектеги окуу жайлардын биринин жатаканасында эки студенттин урушу бычакташуу менен аяктады

 

Бишкекте К.Көлбаев атындагы Автожол колледжинин жатаканасында эки студент уруша кетип, бирөө экинчисин бычак менен сайып салган. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жабырлануучу менен кылмышка шектүү аталган окуу жайда бир тайпада окушат жана экөө тең 17 жашта. Курсташтар пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Натыйжада биринчиси экинчисин бычак менен сайган. 

Учурда жараат алган студент ооруканалардын биринде дарыланууда. Ал эми бычактаган студент сурак учурунда курсташын өлтүрүүнү көздөбөгөнүн жана аны жөн гана коркуткусу келгенин айткан. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: