super.kg logo

"Жайыл районунда айыл өкмөткө уурулукка кирген" деген шек менен 16 жаштагы эки бала кармалды

 

"Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айыл өкмөтүнүн сейфинен 30 миң сом уурдаган" деген шек менен 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалым болгондой, бир нече күн мурун Жайыл РИИБине арыз түшкөн. Анда белгисиз адамдар тарабынан түн ичинде айыл өкмөтүнөн 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты жоголгонун айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм жана анын шериги кармалды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, эки өспүрүм сейфте чоң суммадагы акча бар экенин билишкен. Сейфти бузуу үчүн алар темир устанын жабдыктарын сатып алышкан. Учурда кылмышка шектүүлөр камакка алынып, тергөө амалдары уланууда.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: