Жылнаама, 3-декабрь: Мындан 30 жыл мурун Индиядагы химиялык заводдо кырсык болуп, 3800дөн ашуун киши каза тапкан

* 3-декабрды БУУнун Башкы ассамблеясы "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү" деп жарыялаган. 2013-жылга Бишкек шаарынын каттоосунда 12 700 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар. Алардын ичинен 5734ү I, II, III топтогу майыптар. Ал эми 2804ү көрүү жана угуу сезимдери жабыркагандар. КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны жылдан-жылга өсүүдө. Эгерде алардын саны 2008-жылы 120 274 адамды түзсө, 2012-жылы ал көрсөткүч 149 688 адамга жеткен.
* Мындан 30 жыл мурун, 1984-жылы Индиянын Бхопал шаарындагы химиялык заводдо кырсык болгон. Метилизоцианат уу заты агып чыгып, 3800дөн ашуун киши каза болуп, жүз миңдеген киши жабыр тарткан.

* Мындан 26 жыл мурун, 1988-жылы 3-декабрда “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча "2009-жылдын мыкты спортчусу" аталган Азамат Байматов төрөлгөн. “Дордой-Динамонун” курамында Кыргызстандын Көз карандысыздык кубогунун (2008) ээси, Кыргызстандын чемпиону (2008, 2014), АФКнын президентинин кубогунун (2008) күмүш медалынын ээси, 2011-жылы 22-декабрда КРнын Футбол федерациясынын версиясы боюнча «Жылдын мыкты футболчусу» наамына ээ болгон.


3-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.