super.kg logo

Бишкекте "26 жаштагы тургунду ур-токмокко алып, муунтуп өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды

 

Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрь күнү эртең менен борбор шаардагы көчөлөрдүн биринде муунтулуп өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында ал Бишкек шаарынын 26 жаштагы Т.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

ИИМдин басма сөз кызматынан 3-декабрда маалымдагандай, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну, 23 жаштагы Д.М. аттуу жаран кармалды. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.

Маалым болгондой, кылмышка шектүү менен каза болгон жарандын ортосунда пикир келишпестик чыгып, уруштун аягы адамдын өлүмүнө алып келген. Шектүү Д.М. каза болгон жаранды окуя болгон күнү көчөдөн эс-учун жоготкуча ур-токмокко алып, муунтуп өлтүргөн да, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: