Ошто адам өлтүрүү фактысына шектелип 23 жаштагы жаран кармалды
Ошто адам өлтүрүү фактысына шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында Ош шаарындагы базарлардын биринен киши колдуу болуп өлгөн адамдын жансыз денеси табылган. Ошол күнү кылмышка шектүү катары Чоң-Алай районунун тургуну кармалган. Анын айтымында, экөө спирт ичимдигин ичип отурушуп, кийин уруша кетишкен. Мындан улам шектүү маркумду бычак менен сайып салган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.