Өткөн суткада өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, Ысык-Көлдө 15 тонна жыйылган чөп күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү
кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт
кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Интернеттен алынды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 3-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен бөлмөнүн 6 чарчы метр жыгач полу, 6 чарчы метр жыгач шыбы, 4 терезе жана 4 эшик кашектери күйүп кетти. Өрттүн чыгышына үй ээсинин 4 жаштагы небересинин от менен шоктугу себеп болгон. Ошондой эле Ысык-Көл районуна караштуу Жаркынбаев айылындагы үйлөрдүн биринин короосунан 15 тонна жыйылган чөп толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.