Жети-Өгүз районунда көл жээгиндеги 8 гектарга жакын жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген
Жети-Өгүз районунда көл жээгиндеги 8 гектарга жакын жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 3-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2007-жылы 7,8 гектар жер тилкеси К.Т. аттуу жаранга 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берилген. Кийин 2012-жылы аталган жер тилкеси боюнча мыйзамсыз токтом чыгып, менчиктештирилген. Иликтөөнүн жүрүшүндө жер комиссиясы тарабынан акт түзүлбөгөнү аныкталган. Учурда бул факты боюнча аталган райондун, айыл өкмөтүнүн, каттоо кызматынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.