Бишкекте алдамчылыкка шектелген айым кармалды
Бишкек шаарынын тургунун алдап, 1600 доллар акчасын алып качып кеткен айым кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерине Бишкек шаарынын 30 жаштагы Арстанбек аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Жаркын аттуу аял Рухий-Мурас жаңы конушунан жер алып берем деп 1600 доллар алып, качып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Ж.Жаркын кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.