"Ош жана Бишкекте 10дон ашуун сейфти тоногон" деген шек менен Баткендин 2 тургуну кармалды



Ош шаарында бир нече соода түйүндөрүндөгү акча каражатын сактоочу темир сейфти тоногон жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 1978-жылы туулган К.М. жана 1989-жылы туулган Э.Ж. аттуу жарандары кармалышты. Аталган жарандар Ош шаарынын аймагында 4 соода түйүнүнүн сейфин тоношкон. Анын жалпы чыгымы 200 миң сомдун тегерегин түзүүдө.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүлөр Бишкек шаарындагы 10го жакын сейфти тоногону аныкталды. Камалгандарга карата 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
akzuura

04.12.2014. 09:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешене тер менен акча табууну кыйын коруп уурулук жасапсынар колун менен жасаган ишти мойнун менен тарт Эми.
myrza80

04.12.2014. 13:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдорун кесип салгыла,экинчи андай ишке барышпайт башкаларга да сабак болот.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.