super.kg logo

Казакстанда жол кырсыгынан кыргызстандык 35 жана 20 жаштагы эки жаран каза тапты

 

Казакстанда жол кырсыгынан казакстандык 1 жаран жаракат алып, 2 кыргызстандык жол кырсыгы болгон жерден каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Казакстандагы маалымат каражаттары Облустук ички иштер департаментине шилтеме берүү менен жазып чыгышты. Маалым болгондой, жол кырсыгы 3-декабрда Алматы- Екатеринбург жол каттамынын 945-чакырымында орун алган.

Белгилүү болгондой, Муцубиси үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан 35 жаштагы кыргызстандык жаран жолдун каршы тилкесине чыгып, башка Мицубиси үлгүсүндөгү унаа менен бетме-бет кагылышкан. Анын кесепетинен кыргызстандык 35 жаштагы жана анын 20 жаштагы жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза тапса, дагы бир жүргүнчүсү оор жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу эч кандай жаракат алган эмес, анын 35 жаштагы жүргүнчүсү оор жаракаттары менен ооруканага түштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.12.2014. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандыкдар Баткен облусунан эмес бекен. Аты жону такталганбы.Админ толугураак маалыматты кайдан окусак болот.
05.12.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Bilalbil, курамы окшош сайтты жарыялоого тыюу салынган! 3 күн БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: