Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду
Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган айылдын жетекчилиги жалган бухгалтердик документтер аркылуу 54 миң сомду өзүнө чегерип алган. Учурда “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.