super.kg logo

Кыргыз кол өнөрчүлөрү Индияда өткөн эл аралык көргөзмөгө катышышты

 

Ноябрь айында КРнын Индиядагы элчилигинин демилгеси менен кыргыз кол өнөрчүлөрү Нью-Дели шаарында өткөн 34-эл аралык көргөзмөгө катышышты. Иш-чараны Индиядагы соода-сатыкты өнүктүрүү уюму уюштурду. Көргөзмөнүн ачылышына Индия мамлекетинин президенти Пранаб Мукерджи катышты. Бул тууралуу 4-декабрда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Ишкер аялдар" аталышында өткөн көргөзмөгө Кыргызстан, Япония, Германия, Түркия, Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Таиланд, Индонезия, Кувейт жана башка мамлекеттер, жалпысынан 25 өлкө катышты. Кыргызстандан Шаршембиева Кадыркүл, Шаршембиева Жаңыл, Турусбекова Нуржан, Асангазы кызы Айпери, Ормонбекова Элзат, Үмүталиева Элиналар катышып келишти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: