super.kg logo

Өткөн суткада өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, Шамалды-Сай шаарында жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

 
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 4-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Шамалды-Сай шаарындагы Теңдик айылында Ауди-100 үлгүсүндөгү автоунаасы толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо техникалык эрежелердин бузулушу себеп болгон.

Ошондой эле Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 40 чарчы метр 2 кабаттуу сарайдын чатыры, 3 тонна чөп толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо техникалык эрежелердин бузулушу себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: