Бүгүн кыргыз-казак чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Бүгүн, 4-декабрда саат 11:25 чамасында кыргыз-казак чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга таянсак, жер титирөөнүн очогу Казакстандын аймагында болуп, ал Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарынан 48 чакырым түндүк-чыгышта, Григорьевка айылынан 45 чакырым түндүк-батышта, Ананьево айылынан 59 чакырым түндүк-батышта, Түп айылынан 100 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.
Зилзаладан улам кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келүүлөр катталган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
insap

04.12.2014. 16:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызды «Бар Балаадан, Жок Жалаадан» Кудай сактасын!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.