Жылнаама, 5-декабрь: Мындан 1 жыл мурун Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов кызматтан алынган

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов кызматтан алынган. Тийиштүү жарлыкка 5-декабрда ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Жаңы шаар башчысы шайлангыча мэрдин ордуна Ош шаарынын биринчи вице-мэри Алимжан Байзаков убактылуу дайындалган.
кошулду
Автор: Автандил Добулбеков
Өкмөт Мелис Мырзакматовду кызматтан бошотулуусу Ош шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу экенин билдирген.
Мелис Мырзакматов Ош шаардык кеңешине шайлоодон кийин, 2012-жылдын март айынан тарта мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген. "Мындай статус өкмөт башчы шаардык кеңеш менен макулдашпай туруп мэрди кызматтан четтете алат дегенди түшүндүрөт",- деп билдиришкен өкмөттөн.
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путин иш сапары менен келген. Адегенде Владимир Путинди кыргыз президенти Аскар Акаев кабыл алып, өлкө жетекчилери түзмө-түз жолугушкан. Андан соң кеңири курамдагы биргелешкен сүйлөшүүлөр жүрүп, 9 пункттан турган "Бишкек декларациясына" кол коюлган. "Бишкек декларациясына" ылайык, Кыргызстандын Орусия мамлекетине болгон тышкы карызын төлөө 20 жылга узартылган.
* Мындан 54 жыл мурун, 1960-жылы ЖКнын экс-төрагасы жана V чакырылыштын “Ата Журт” партиясынан шайланган депутаты, экс-министр Марат Султанов Фрунзе шаарында төрөлгөн.
1983-жылы Москва шаарындагы Болот жана аралашмалар институтун аяктаган. 1994-1998-жылдарда Улуттук банктын төрагасы, 1998-2000-жылдары каржы министри, 2000-2005-жылдарда ЖКнын депутаты, 2006-2007-жылдары парламенттин спикери, 2009-2010-жылдар ичинде кайрадан каржы министри болуп иштеген.
5-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
admin_superstan

05.12.2014. 11:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakai89, сын-пикириңиз болсо, info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазып жөнөтүңүз!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.